Бишкекте 7-мартта Кыргызстан төрагалык кылган Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт.
Иш чарага Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев, Казакстандын Премьери Бакытжан Сагинтаев, Беларусь Республикасынын Премьер-министри Андрей Кобяков жана Армениянын Премьери Карен Карепетян катышат.
Жыйында интеграциялык биримдиктин алкагында кызматташууга багытталган маанилүү маселелер талкууланат.