Жаңылыктар
Өкмөт "Азия MIX" командасына 300 миң сом бөлөт
Кыргызстан жаңылыктары
Өкмөт "Азия MIX" командасына 300 миң сом бөлөт

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Шайырлар жана тапкычтар оюнун өнүктүрүү жана жайылтуу максатында "Азия MIX" командасына 300 миң сом бөлөт. 

Бул тууралуу Өкмөттүн аппарат жетекчиси Акылбек Осмоналиев "КВНдин Ала-Тоо расмий лигасы" коомдук бирикмеси менен жолугушуу учурунда билдирди. Осмоналиев улуу муун кыргызстандык команданын КВН оюнунун Жогорку лигасына катышуусун кыялданып келгенин белгиледи. 

Аппарат жетекчиси команданын көргөзгөн эрдиги жаштардын ишенимин арттырганын кошумчалады. Кыргызстандык команда 2016-жылдын жыйынтыгы менен КВН оюнунун Жогорку лигасында жеңишке жетишкен.