Жаңылыктар
Жеткиликтүү турак жай: миллиарддык насыя
Экономика
Жеткиликтүү турак жай: миллиарддык насыя

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков «Жеткиликтүү турак жай 2015-2020» мамлекеттик программасынын алкагында насыясы миллиарддык сомго дал келген окутуучу Сайкал Садированы куттуктады.

Сайкал Садирова «Даяр турак жай алуу» аркылуу «Мамлекеттик Ипотекалык Компания» ААК ипотекалык насыя алган. Премьер-министр компания биринчи жолу түзүлгөндүгүнө карабастан бир жылга жетпеген убакытта 1 млрд. сомду ийгиликтүү иштете алганын жана бул көрсөткүч өнүгүп келе жаткан мамлекеттик компания үчүн жакшы натыйжа экенин белгиледи. 

Өкмөт башчы эскерткендей, «Жеткиликтүү турак жай 2015-2020» программасынын негизги максаты өлкөнүн жарандарына жеткиликтүү турак жай жана эконом-класстагы курулуш аркылуу жеке турак жай алууга шарт түзүү болуп саналат. Бул мамлекеттик кызматтарда иштеген жарандардын рыноктук шартта турак жай алып, батир маселесин чечүүгө уникалдуу мүмкүнчүлүк.