Жаңылыктар
Өмүрбек Текебаевге Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголду
Кылмыш
Өмүрбек Текебаевге Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголду

 

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев 48 саатка камалды. Мындай маалыматты Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тастыктады. 

Текебаев учурда атайын кызматтын убактылуу кармоо жайында кармалууда. Бул иш боюнча аталган органдын Тергөө башкармалыгы тергеп жатат. 

25-февралда Башкы прокуратура “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге Кылмыш-жаза кодексинин “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча УКМКдан келген материалдардын негизинде иш козгогон. 

Башкы көзөмөл органдын маалыматында Текебаев орусиялык жаран Леонид Маевскийден 2010-жылы 1 миллион доллар алып, “Мегаком” сатылгандан кийин каражатты кошумчасы менен кайтарып берерин айткан. 

Өмүрбек Текебаев бүгүн таңкы саат 3төрдө “Манас” аэропортуна Түркиядан конгон учактан кармалган.