Жаңылыктар
Айдабосунова: "Мыйзам баарына бирдей болсун"
Саясат
Айдабосунова: "Мыйзам баарына бирдей болсун"

Өмүрбек Текебаев жана анын тарапташтары 7-апрелде мерт кеткен балдарыбыздын атын атоого татыктуу эмес. Мындай пикирин “Мекен шейиттери” коомдук бирикмесинин теңтөрагасы Нурия Айдабосунова билдирди. Анын айтымында, Текебаевдин күнөөсү болсо, митингдерге жашынбай, мыйзам алдында жооп бериши керек. 

Айдабосунова биздин балдардын өлүмүнө күнөөлүүлөрдү бошоткондо эч ким үн каткан эмес, Текебаевди камаганда баары митингге чыга калды, - деп нааразы болду.

«Чындык болсун. Ким күнөөлүү болсо, ал жоопко тартылсын. Биздин балдар өлүп жатса, алар Мегакомдун махинациясы менен алектенип жүрсө, демек мыйзам алдында жооп беришсин. Митинг уюштуруунун кереги жок. Биздин балдарыбыз тууралуу айткандарга кайрылат элем, алар тууралуу сүйлөбөгүлө. Анткени, силер балдарыбыз үчүн эч нерсе кылган жоксуңар”,- деп билдирди “Мекен шейиттери” коомдук бирикмесинин теңтөрагасы  Нурия Айдабосунова.