Жаңылыктар
Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары бүгүн да митинг өткөрүшөт
Кыргызстан жаңылыктары
Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары бүгүн да митинг өткөрүшөт

Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары бүгүн да митинг өткөрүшөт. Алар башкы ата-мекенчини бошотууну талап кылышууда. Депутат 26-февралдын таңында “Манас” аэропортунда кармалып, УКМКнын абагына 48 саатка камалган. Аны кармоого орус ишкеринин интернеттеги билдирүүсү себеп болду. “Альфа-Телеком” компаниясын сатуу үчүн Текебаев миллион доллар алганы мурда эле айтылып келген. Бирок, “Ата-Мекен” партиясынын лидери аларды төгүндөйт. Айрымдар депутат убактылуу гана камакка алынганын, митинг, пикеттер менен укук коргоо органдарынын ишине тоскоолдук жаратпоо керек экенин айтышат.

Ансыз да коомчулуктун бүйүрүн кызытып келген “Мегакомго” байланыштуу иш орус ишкеринин билдирүүсүнөн кийин талкууларды дагы күчөттү. Мамлекеттик Думанын мурдагы депутаты, телекоммуникация жаатындагы ири бизнесмен Леонид Маевский интернетке чыккан кайрылуусунда уюлдук компанияны сатып алуу үчүн Текебаев жана анын жөкөрлөрүнө миллион доллар бергенин айткан. 

 

Ал билдиргендей “Ата-Мекендин” лидери акчаны “Мегакомго” байланыштуу айрым маселелерди жөнгө салуу үчүн сурап, компания сатылгандан кийин түшкөн каражаттан кайтарып берээрин убада кылган. Орус ишкери Текебаев менен алгачкы жолугушуу май айында болгонун, андан кийин бир нече ирет сулөшүүлөр жүргөнүн айтууда. Алданганын билгенден кийин гана акчаны кайтарып берүүнү талап кылып, бирок саясатчыдан орой жооп уккан.

Бирок, ишкердин бул билдирүүсүнө Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары ишенбейт. Алар депутат чет өлкөдөн келген алгачкы мүнөттөрдөн баштап “Манас” аба майданында митинг өткөрүп турушту. Андан соң нааразычылык акциясы Текебаев 48 саатка камалган УКМК имаратынын алдында уланды.

Митингде парламенттеги “Ата-Мекен” фракциясынын депутаттары баштаган айрым саясатчылар да болду. Анда сөз сүйлөгөн экс-президент Роза Отунбаева саясий күчтөрдү кеңешүүгө, тынчтыкты сактоого чакырды.

Текебаевдин тарапташтары анын кылмыш кылганына ишенишпесе, башка саясатчылар укук коргоо органдары фракция лидерин себепсиз камап койбосо керек деген ойлорун ортого салышат. Жогорку Кеңештин депутаты Анвар Артыков бул окуя элди экиге бөлүп жибергидей, мамлекетте туруксуздук пайда кыла турган шарт жаратпайт деген пикирде. Ал Текебаев 48 саатка гана камакка алынганын эске салып, адилеттүүлүктү билүү үчүн укук коргоо органдарынын ишине тоскоолдук жаралбашы керек экенин айтат.

“Ата-Мекен” фракциясынын депутаттары бул маселе боюнча бүгүн дүйшөмбү күнү парламентте кезексиз жыйын болоорун билдиришүүдө. Бирок, башка айрым эл өкүлдөрүнүн мындан кабары жок. Текебаевдин тарапташтары митингди ак үйдүн алдында улантышат.

Калыгул Асамбаев, "Биринчи Радио"