Жаңылыктар
Мыйзам бузгандар камалды
Кыргызстан жаңылыктары
Мыйзам бузгандар камалды

Сокулук райондук сотунун чечими менен "Ата Мекен" партиясынын жаштар канатынын мүчөлөрү бир нече суткага камалды. Кармалгандар Чүй облусунун Сокулук райондук милиция бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Алар “жол тосуу” жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине "баш ийген эмес" деп айыпталып жатат. Милиция кызматына өткөн дем алыш күнү таңы саат 3 жарым чамасында, Бишкек-Манас аэропорту каттамы боюнча жолду “Хонда Фит” унаасын токтотуп алып, жол эрежесин одоно бузуп жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн. Тартип сакчылары окуя болгон жерге барып түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндө алар баш ийген эмес. Жыйынтыгында ондон ашык адам кармалган.

"Материал толтурулуп, Сокулук районунун соту тарабынан 9 адам камакка алынды. Булар боюнча Сокулук районунун соту тарабынан 4 адам 5 күнгө, 4 жаран 2 күнгө, дагы 1 жаран административдик жоопкерчиликтин негизинде камакка алынды", - деп билдирди Чүй облусунун ИИББнын маалымат кызматынын ага тескөөчүсү Нурбек Токтосунов.