Жаңылыктар
Бишкекте Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өтөт
Экономика
Бишкекте Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өтөт

Бишкекте 7-мартта Кыргызстан төрагалык кылган Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. Иш чарага премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев, Казакстандын премьери Бакытжан Сагинтаев, Беларусь Республикасынын премьер-министри Андрей Кобяков жана Армениянын премьери Карен Карепетян катышат. Жыйында интеграциялык биримдиктин алкагында кызматташууга багытталган маанилүү маселелер талкууланат.