Жаңылыктар
Бишкек шаарында мыйзамсыз курулуштарга чара колдонуу уланууда
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек шаарында мыйзамсыз курулуштарга чара колдонуу уланууда

Бишкек шаардык мэриясынын ыкчам штабы 10дон ашык мыйзамсыз курулуштарды түртүрдү. Буга чейин муниципалдык жерге мыйзамсыз объектилерди куруп алгандарга эскертүүлөр жөнөтүлгөн. Бирок  алар тараптан эч кандай реакция болгон эмес.Ошондуктан  ыкчам штабы ушул жылдын январь айынан баштап мыйзамсыз курулуштарды текшерип  түртүрүп жатат.  Ал эми былтыр Бишкек шаардык прокуртурасы   мыйзамсыз 8  курулушка кылмыш ишин козгогон.

 

Январь айынын башында мэриянын №1 токтому менен Бишкек шаарынын аймагындагы мыйзамсыз курулуштарды жоюу жана алдын алуу боюнча ыкчам штаб түзүлгөн. Ыкчам штабдын иш-чараларнын  алкагында  эч кандай уруксаты жок муниципалдык аймакка объектилерди куруп алгандар аныкталып түртүрүлүп жатат. 

Буга чейин Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан да текшерүү иштери жүрүп 8 мыйзамсыз курулушка карата кылмыш иши козголгон. 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча шаардык прокуратура мыйзамсыз курулуштарды аныктоо боюнча 147 текшерүү ишин жүргүздү. 

Шаардагы  мыйзамсыз курулуштарга жол бербеш үчүн  ар бир салынган объектти генпландын негизинде курулушу керек. Бирок  учурда шаардын ар тарабына  баш аламан эч кандй уруксат кагазы жок салынган бъектилер  көбөйүп кетти. Буга Бишкек шаардык башкы архитектурасы  жол берип жатат. 

Бегайым Абдыкадырова, Биринчи Радио