Жаңылыктар
Кыргыз хоккеисттери күмүшкө ээ болду
Спорт
Кыргыз хоккеисттери күмүшкө ээ болду

Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы, Японияда өтүп жаткан кышкы Азия оюндарында күмүш медалга ээ болушту. 

Мекендештерибиз финалда Түркмөнстан менен беттешип, 7:3 эсебинде утулуп калган. Буга чейин кыргыз курамасы Катар, Филиппин жана Кувейт командалары менен беттешкен. Кыргызстандыктар алгач кувейттиктерди 5:0 эсебинде жеңип алган. 

Экинчи оюнда филиппиндиктер менен беттешип, 10:5 эсебинде жеңишке жеткен. Ал эми финалга чыгаар алдында биздин команда Катардын хоккеисттери менен муз аянтына чыгып, аларды 7:2 эсебинде жеңип алган болчу.