Жаңылыктар
Өмүрбек Абдрахманов: "Текебаевди сотко берем"
Саясат
Өмүрбек Абдрахманов: "Текебаевди сотко берем"

“Ата-Мекен” партиясынын мурдагы мүчөсү Өмүрбек Абдрахманов Өмүрбек Текебаевди сотко берерин айтып чыкты. Анын айтымында, убагында “Ата-Мекен” фракциясынын лидери аны каралаган.

Бакиев президент болуп турганда Абдрахмановго министрдин кызматын сунуштап, ордуна Текебаевди жайына коесуң деген талап койгон. Бирок, ал каршы болуп, ошол убактагы башкы социалисттин жанындагы жалгыз адам болгон. 

Кийинчерээк аялы экөөнү түрмөгө камаганга аракет кылганда, Америкага качканга туура келген, - дейт Өмүрбек Абдрахманов.