Жаңылыктар
Жогорку Кеңеште жабык эшик артында талкуу өтүүдө
Саясат
Жогорку Кеңеште жабык эшик артында талкуу өтүүдө

Парламенттеги фракция лидерлери спикер Чыныбай Турсунбеков менен кезексиз жыйын өткөрүүнү талкуулап жатат. Сүйлөшүү Жогорку Кеңештин төрагасынын кабинетинде өтүүдө. 

Анда "Ата Мекен" фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаевдин камакка алынышына байланыштуу кезексиз сессияга чогулуу маселеси ортого салынды. Жыйын массалык маалымат каражаттарынын катышуусу жок өтүүдө.