Жаңылыктар
Алмазбек Атамбаев: "Өлкөдө кол тийгистер жок"
Саясат
Алмазбек Атамбаев: "Өлкөдө кол тийгистер жок"

Президент Алмазбек Атамбаев «Мекен шейиттери», «Айкөл Ала-Тоо», «Эр теги» жана «Апрель байрагы» коомдук уюмдарынын өтүнүчү боюнча жолугуп, өлкөдөгү азыркы абалды жана Апрель элдик революциясынын 7 жылдыгына байланыштуу иш-чараларды өткөрүү маселелерин талкуулады. 

2010-жылдын 7-апрелинде курман болгондордун туугандары жана жаракат алган жарандар, ошондой эле апрель окуялары учурунда Бишкек шаарынын жашоочуларын талоончулуктан жана мародерлуктан коргошкон активисттер айрым саясатчылар кылган кылмышы үчүн жоопкерчилик тартуудан качууга аракеттенип жатканын айыпташты. Алар коррупцияга жана мародерлукка белчесинен малынган адамдар Апрель революциясынын баатырларынын жаркын элесине көлөкө түшүрүп гана чектелбестен, өздөрүнүн уурулугу жана паракорлугу үчүн жооп бере турган убак келгенде баатырлардын ыйык атын жамына калгысы келгенине өзгөчө нааразылыгын билдиришти.

«Курман болгон баатырлардын атын пайдаланууга алардын моралдык укугу жок. Алар буга татыктуу эмес», - деди «Эр Теги» коомдук уюмунун теңтөрайымы Айчүрөк Камаева. 

Президент Алмазбек Атамбаев көп жагынан коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн пикирине кошуларын белгиледи. Бирок, аларды мыйзамдуулукка чакырды.

«Укук коргоо органдары ийне-жибине чейин териштирип, аныгына чыгат жана мыйзам бузгандарды жоопкерчиликке тартат деп ишенем. Эч кандай бийликке басым көрсөтүү аларга жардам бербейт. Өлкөдө эми кол тийгистер жок. Бул бардык бийлик бутактарынын азыр иштеп жаткан жетекчилерине да, мурда иштегендерине да тийиштүү. Ал эми өлкөбүздүн келечеги үчүн курман болгондордун эрдиги аркасында 7-апрелден кийин өлкө жетекчилигине келгендердин эл алдындагы жоопкерчилиги эки эсе жогору болушу керек!», - деп баса белгиледи мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев.