Жаңылыктар
2016-жылы коррупциялык багытта бир топ кылмыштын бети ачылган
Коррупция
2016-жылы коррупциялык багытта бир топ кылмыштын бети ачылган

2016-жылы коррупциялык багытта 150дөн ашуун укук коргоо органдарынын кызматкерлери кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Бул тууралуу 2015-2017-жылдарга коррупцияга каршы саясатынын мамлекеттик стратегиясынын аткарылышы боюнча планды талкуулаган өкмөт жыйынында белгилүү болду. 

Маалыматка ылайык, аталган  стратегияны ишке ашыруу боюнча пландын 5 пункту аткарылган эмес. Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун белгилөөсүндө, жыл сайын коррупцияга каршы аракеттенүүлөр эң жогорку деңгээлде көтөрүлсө да айрым мамлекеттик органдардын жетекчилери тарабынан дагы эле түшүнбөстүктөр кездешүүдө.

Мээрим Абдраманова, "Биринчи радио"