Жаңылыктар
Технополис - жумушчу орундарын көбөйтөт
Экономика
Технополис - жумушчу орундарын көбөйтөт

Бишкек шаарында жана Чүй облусунда текстилдик жана тигүү өндүрүшү үчүн Технополистин түзүлүшү 15 миңге жакын жумушчу орундун түзүлүшүнө мүмкүндүк берет. Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында тигүү өндүрүш тармагын талкуулаган кеңешмеде айтылды.

Өкмөт башчы текстилдик жана тигүү өндүрүшүн өнүктүрүү, сапаты мыкты продукцияларды экспорттоо, калкты жумуш менен камсыздоо жана кошумча жумуш орундары үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. 

Учурда Бишкек шаарында жана Чүй облусунда текстилдик жана тигүү өндүрүшү үчүн Технополистин долбооруна өндүрүштүк тилке бөлүү маселеси дээрлик чечилген. «Кыргызстанда жасалган» белгиси бар продукция коңшу мамлекеттерде жогорку сапаты жана жеткиликтүү баасы менен керектөөчүлөрдүн талабына ээ болууда. Жээнбеков тийиштүү мамлекеттик органдарга жана Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө бул багыттагы ишти күчтөндүрүп, бул долбоорду ишке ашырууну тездетүү тапшырмасын берди.