Жаңылыктар
Ө.Текебаевдин тарапташтары бүгүн кайрадан нааразылык акциясына чыгышты
Саясат
Ө.Текебаевдин тарапташтары бүгүн кайрадан нааразылык акциясына чыгышты

УКМК тарабынан кармалган Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары бүгүн кайрадан нааразылык акциясына чыгышты. Бул жолу митингди Ала-Тоо аянтына уюштурушкан. Талаптар өзгөргөн жок, алар Өмүрбек Текебаев сыяктуу адамды кармоо такыр мүмкүн эмес деп билдиришти. Саясатчыны кармоонун тегерегиндеги маселени бүгүн “Ак Кеме” мейманканасында дагы талкуулашты. Ага мурдагы чиновниктер менен депутаттар чогулушту. 

 Эркиндик, демократия башка адамдардын пикирине урматтоо менен мамиле кылуу. Бул аянттагы эл алдында демократиялык баалуулуктарды бетке кармагандардын урааны. Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева журналисттерге берген маегинде “Ата Мекендин” лидерин эбак эле камаш керек болчу деп жар салды. 

 Сүйлөйбүз деп чыккан эки балага Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары жолтоо болуп, мүмкүнчүлүк беришкен жок. Алар кайсы бир партиянын партбилетин көтөрүп ары бери чуркап жүрүштү. Ал эми күн мурун УКМКнын имаратынын алдында КТРКнын кабарчысына жулунушуп, кол көтөргөнгө чейин барышты. Аны милиция кызматкерлери токтотуп калышты.

Оор саясий кырдаалды “Ала Тоо” аянтындагы митинг башталар алдында “Ак Кеме” мейманканасында да талкуулашты. Албетте бул жерде Ата Мекендин мүчөлөрү болгон жок. Бул жерде да Текебаевди кармоо такыр мүмкүн эмес деген сөздөр жаңырды. Митингде Текебаевдин тарапташтары аны суудан кургак кылып актагылары келди. Алар Ата мекендин лидери миллион доллар алмак эмес дешет. Бирок тегерек үстөлдө андан шек санагандар да болду. Бирок бул жолкусундагы бир айырма - Ташиевдин ордунда эми митингчилердин башында Аида Салянова турат. Бирок бул жолу алар тосмодон ары карай секирүүгө белсенишкен жок.