Жаңылыктар
МКК: жаңы электрондук система киргизилет
Кыргызстан жаңылыктары
МКК: жаңы электрондук система киргизилет

Мамлекеттик каттоо кызматы калкты тейлөөдө жаңы электрондук системаны киргизмей болду. 1-марттан тартып паспорт алууда толтурулуучу Форма-1 бланкасы электрондук түрдө толтурулат. Бул жаңы тутум 2014-жылы башталган калкты бирдиктүү каттоо системасы жана электрондук өкмөткө өтүү аракетинин дагы бир кадамы. Мамлекеттик каттоо кызматынын калкты тейлөө борбору күнүнө миңден ашык жаранды тейлеп үлгүрөт. Шаршембиден баштап мындан да көп жарандын кайрылуусун кабыл алууга шарт түзүлүп жатат. 1-марттан тартып калкты ыңгайлуу жана сапаттуу тейлөө үчүн паспорт алууда кагаз түрүндөгү “Форма-1” бланкасы жоюлуп, маалыматтар электрондук түрдө кабыл алынганы турат.

Электрондук системага өтүү бир жагынан жарандарга ыңгайлуу болсо экинчи чети жумушту бир кыйла жеңилдетет. Бул жерде мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга гана жеңилдиктер каралган. Ушул күнгө чейин жарандык абалды каттоонун 7 түрү автоматташтырылган системага өткөрүлгөн. 1-апрелден тартып бул документтердин мукабалары да, кабыл алуу документтери да жаңыланганы турат. Мамлекеттик каттоо кызматы шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу жаңы ыкмаларды да камтып жатат. Ар кандай түшүнбөстүктөрдүн алдын алуу максатында электрондук системадан шайлоого келген жарандын манжа издерин таанууга мүмкүн болбой калса шайлоочунун биометрикалык маалыматтарды тапшыруудагы сүрөтү же жүзү аркылуу таанууга болот.

Унааларды каттоо жол-жоболорун жеңилдетүү максатында ар бир авто унаага жада калса айыл чарба техникаларына чейин атайын ПИН коддор берилмей болууда. Тагыраагы ар бир унаанын паспорту болуп, унаа каттоого алган учурдан тартып керектен чыкканга чейин көзөмөлдө турат. Борбордук системада унаа сатылып кайра каттоого алынганы тууралуу толук маалымат болот. Бул электрондук система эми республикадагы 26 каттоо, экзамен тапшыруу бөлүмдөрүндө 1-марттан 1-апрелге чейин сыноо иретинде жүргүзүлөт.