Жаңылыктар
Митингге байланыштуу пикирлер
Саясат
Митингге байланыштуу пикирлер

Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары ага карата адилеттүү чечим чыгарылганга чейин күрөштү уланта беребиз дешти. Демек эртең дагы митингге чыгышат. 

Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары Ала-Тоо аянтындагы Айкөл Манастын эстелигинин жанында бир нече саат бою нараазычылыгын билдирип турушту.  Ал ортодо айрым коомдук бирикмелердин өкүлдөрү камакка алынган лидердин бошотулушуна каршылыгын билдиришти. Митингге чыккандардан 7-апрелде көз жумгандардын атын бетке кармаганды токтотуусун талап кылды. 

Саясат таануучу Медет Тюлегеновдун ою боюнча, азыр укуктук нукта иш алып баруу зарыл. Эгерде Текебаевдин Мегаком ишине кандайдыр бир катышы бар экендигин тастыктаган таасын далилдер табылса, анда сот тиешелүү чечим чыгарат. Ал эми күнөөсүз экендигин далилдей алса митингге чыгуунун да керек жок. 

Канча адам болсо, ошончо пикир жаралат эмеспи. Айрымдары Текебаевдин кармалышын колдосо, башкасы каршы пикирин айтып позициясын билдирүүдө. Бейтараптуулукту кармангандар да жок эмес. Бирок Кыргызстан укукту сыйлаган мамлекет болгондуктан, бул ишке сот органдары адилеттүү өкүм чыгарат деп ишенели.