Жаңылыктар
Балалыктан ишкерликке кадам
Кыргызстан жаңылыктары
Балалыктан ишкерликке кадам

Бишкекте ишкер балдардын жарманкеси болду. 3 жаштан 16 жашка чейинки 40 бала өздөрү жасаган продукциясын жана кызматтарын көрсөтүштү. Жарманке өткөн аянтта балдарга бардык шарттар түзүлдү. Кененирээк кабарчыбыздын материалында. Кадырбек 12 жашта. Ал биринчи жолу соодалашып жатат. Ошентсе да, чоңдорго караганда жакшы соода жүргүзө турган талантын көрсөттү. Жарманкенин да негизги максаты - сооданын сырларын үйрөтүү болду. 

Бул жерде балдар бир тармакка багыт алуу жана каржылык сабаттуулукка үйрөнүштү. Рыноктун суроо-талабын азыртан түшүнүү да жарманкенин негизги максатынын бири.  Жарманке балдар үчүн арналган шоу-программа жана түрдүү оюндар менен коштолду.  Жарманке жума сайын өтүп турмакчы. Анда ишкерликке кызыккан балдар катыша алышат. Көпчүлүгү азыртан эле рыноктун суроо-талабына кызыгып баштады. Айрымдары болсо, келечекте эмне менен алектенерин эмитен чечип алышты. Күндүн жылышы менен жарманке эс алуу багында өткөрүлө баштайт.