Жаңылыктар
Күйүүчү майдын баасы арзандаганы байкалууда
Экономика
Күйүүчү майдын баасы арзандаганы байкалууда

Өлкөдө күйүүчү майдын баасы акырындык менен арзандаганы байкалууда. Бирок жазгы талаа жумуштарынын башталышы менен абал өзгөрүшү мүмкүн. Ушундан улам майдын баасын 2 сомго чейин төмөндөтүп, Казакстандан кирүүчү аткезчиликке тыюу салуу тапшырмасын өкмөт башчы бир ай мурда койгон. Бактияр бир канча жылдан бери Бишкектен, Кара-Көлгө жүргүнчү ташып иштейт. Бир ай мурда бензиндин баасы 2 сом 50 тыйынга арзандайт деген кабарды угуп сүйүнгөнүн айтат. Бирок аз да болсо арзандаган бензиндин акчасы чөнтөктө калат деген үмүтү азырынча актала электигине нааразы.

Өкмөт башчынын тапшырмасы менен февраль айынан баштап күйүүчү майдын баасы орточо 2 сомго арзандашы керек болчу. Монополияга каршы күрөшүү агенттигинин директорунун орун басары Кеңешбай Тайлаковдун айтуусунда, ай башынан бери бензинге баа маркасына жараша 50 тыйындан 1 сом 50 тыйынга чейин арзандады. Баа дагы төмөндөйт, талапты аткарбаган компаниялар административдик жоопкерчиликке тартылат. Кыргызстан күйүүчү майды 100%га Орусиядан импорттойт. Белгилүү болгондой анын баасы Москвадан толук көз каранды. кыргыз базарында 15тей компания май сатат. Ошол эле маалда коңшу Казакстандан бензиндин баасында Кыргызстан менен 8-10 сомдук айырма бар. Бирок коңшулардан расмий түрдө кара май кирбейт. Себеби, Астана өз рыногун коргоо үчүн сыртка чыгуучу күйүүчү майга экспорттук төлөм киргизген.

 Эки өлкөдө күйүүчү май маселесинде келишим жок болгону, коншулардан бизге бензин кирбейт дегенди билдирбейт. Жыл башынан бери аткезчилик жол менен күйүүчү май алып кирүүгө аракет кылган 25 факты катталып, 175 тонна май кармалган. Финполициянын жетекчилиги билдиргендей, төрт факты боюнча кылмыш иши козголуп, калгандары боюнча тергөө жүрүп жатат.  Жаздын келиши менен жазгы талаа жумуштарына байланыштуу күйүүчү майга муктаждык көбөйөт. Буга байланыштуу кыргыз-казак чек арасындагы бардык өткөрмө бекеттерде көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасы берилген.