Жаңылыктар
Өмүрбек Текебаев эки айга камакка алынды
Саясат
Өмүрбек Текебаев эки айга камакка алынды

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев эки айга камакка алынды. Мындай чечимди Биринчи Май райондук сотунун судьясы көчмө отурумда кабыл алды. Депутаттын жактоочусунун айтымында, митингчилерден чочулоо болгондуктан Текебаевдин баш коргоо чарасы Биринчи Май райондук сотунун имаратында эмес, мурунку аскердик соттун имаратында өткөн. Оппозициячыл депутаттын тарапташтары эртеңден тарта нааразычылык митингдерди улантаарын билдиришти.

Башкы прокуратура 25-февралда Өмүрбек Текебаевге “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козголгон. Кылмыш иштин ачылышына орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин билдирүүсү себеп болгону айтылган. Текебаев чет өлкөдөн командировкадан келери менен кечээ кармалып, камакка алынган. Бул бир катар нааразычылык акциялары менен коштолду. 

Саясат талдоочулар азыркы тапта коррупцияга каршы күрөш жүрүп, жемкорчулукка тиешеси барлардын баарына карата кылмыш иши ачылып жаткананын, Ата мекенчилер популизмге жакын болгондуктан бул коомчулукта чуу жаратканын белгилешет. Ал арада Акыйкатчы Президенттик шайлоо жылында бардык саясий күчтөрдү өлкөнүн стабилдүүлүгү үчүн абалды курчутпоого чакырат. 

Президент Алмазбек Атамбаев кечээ өлкөдөгү абалды жана Апрель элдик революциясынын 7 жылдыгына байланыштуу иш-чараларды өткөрүү маселелерин талкуулоо үчүн «Мекен шейиттери», «Айкөл-Ала-Тоо», «Эр теги» жана «Апрель байрагы» коомдук уюмдарынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Президент Алмазбек Атамбаев коомдук уюмдардын өкүлдөрүн мыйзамдуулукка чакырып, Текебаевге байланыштуу окуяны укук коргоо органдары ийне-жибине чейин териштирип, аныгына чыгат жана мыйзам бузгандарды жоопкерчиликке тартат деп ишенерин билдирген. Эгерде мыйзам бузуу аныкталса, бийликке басым көрсөтүү аларга эч кандай жардам бербестигин, өлкөдө эми кол тийгистер жок болорун президент баса белгилеген. Бул бардык бийлик бутактарынын азыр иштеп жаткан жетекчилерине да, мурда иштегендерине да тийиштүү. Ал эми өлкөбүздүн келечеги үчүн курман болгондордун эрдиги аркасында 7-апрелден кийин өлкө жеткечилигине келгендердин эл алдындагы жоопкерчилиги эки эсе жогору!», - деп Мамлекет башчысы баса белгилегени айтылат.

Бозулан Ысаков, "Биринчи радио"