Россия президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга расмий иш сапары менен келгендигине байланыштуу бүгүн Бишкектин айрым көчөлөрү жабылат.
Саат 11.00дөн 20.00гө чейин бир катар көчөлөргө чектөөлөр киргизилет. Убактылуу чектөө коюла турган көчөлөрдү ала турган болсок: Фучик көчөсү - шаарга кире бериштен тарта Жибек Жолу проспектисине чейин, Жибек Жолу проспектиси - чыгышка карай Фучиктен Жаш Гвардия бульварына чейин, Жаш Гвардия бульвары - Жибек Жолу проспектисинен Чүйгө чейин кез-кезде бекилип турат.
Чүй проспектиси болсо - Манас проспектисинен Абдрахманов көчөсүнө чейин, андан ары Фрунзе көчөсүнө чейин улам чектелип турат. Манас проспектиси - өйдө карай мамлекеттик резиденцияга чейин жабылат. Ошондой эле Hayatt мейманканасынын тегереги көзөмөлдө болот.
Бишкек мэриясы айдоочулардан кырдаалды туура түшүнүү менен кабыл алууну суранып, көздөгөн жерге жетүү үчүн башка ыңгайлуу жолдорду алдын ала тандап алууга кеңеш берет.