Жаңылыктар
Лейлек районунда бодо малды идентификациялоо башталды
Кыргызстан жаңылыктары
Лейлек районунда бодо малды идентификациялоо башталды

Баткен облусунун Лейлек районунда бодо малды идентификациялоо башталды. 2013-жылы республика боюнча мал-жандыктарды идентификациялоо боюнча мыйзам кабыл алынган. Быйыл өкмөттүн аракети менен ишке ашып жаткан долбоорго 40 миллион сом, Россия Федерациясынын өкмөтү 450 миң америка доллар каражат бөлдү. Аталган долбоордо белгиленгендей алдыдагы үч жыл аралыгында өлкө аймагындагы  мал-жандыктар толугу менен идентификациядан өтөт. 

Өлкө аймагындагы малды идентификациялоо өкмөттүн өзгөчө  көзөмөлүндө. Долбоордо пилоттук аймак катары  алынган Чүй облусунун Ысык-Ата району боюнча 15 миң мал идентификацияланды. Ал  эми Ош облусунун Ноокат районунда 19 миң мал идентификациядан өттү.

Кадыр Калилов, "Биринчи радио"