Жаңылыктар
ЖК Текебаевдин камалышы боюнча кезексиз сессияга чогулбайт
Саясат
ЖК Текебаевдин камалышы боюнча кезексиз сессияга чогулбайт

Жогорку Кенеш Өмүрбек Текебаевдин камакка алынышын талкууга алуу боюнча кезексиз сессияга чогулбайт. Дээрлик эки жарым сааттай жабык талкууда бул боюнча парламенттеги фракция лидерлери жана "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары орток пикирге келе алышкан жок.

Жыйынтын жүрүшүндө депутаттар улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Абдиль Сегизбаевдин маалыматтарын угушту.

Бүгүн эле президент Алмазбек Атамбаев бир катар коомдук уюмдардын өкүлдөрү, апрель баатырлары менен жолугушуп, Кыргызстанда кылмыш кылгандардын баары мыйзам алдында жазаланаары, Кол тийбес эч ким болбой турганын айтты.

Ал арада өлкөнүн Акыйкатчысы президенттик шайлоо алдында саясий абалды курчутпоого чакырууда.

Бозулан Ысаков, "Биринчи радио"