Мындай аба-ырайынын сакталышы жазгы талаа иштерине тоскоол болушу мүмкүн дешет кыргыздиромет агентигинин адистери. Ал эми эксперттердин баамында жаз айынын алгачкы күндөрүндө жааган- жаан жерди жумшартып талаа иштерин жеңилдетет.
Кыргызстандын түштүк жана Чуй жергесинин айрым аймагында жазгы талаа иштери башталды. Бирок дыйкандардын айдап себүү иштерине март айында боло турган туруксуз аба-ырайы тоскоол болушу мүмкүн. Себеби жаздын алгачкы айынын келиши менен күн сууктайт жана 1,2 декадасы жаанчыл болот дейт Кыргызгидромет агентигинин башчысы Зарылбек Иттибаев.
Бегайым Абдыкадырова, “Биринчи радио”