Жаңылыктар
Согуштун ардагери жаштарды спорт менен машыгууга чакырды
Спорт
Согуштун ардагери жаштарды спорт менен машыгууга чакырды

88 жаштагы согуштун ардагери Николай Елисеев  сергек жашоону  адатка айландырган. Ал күнүгө эртеӊ менен туруп муздак сууга чумкуйт. Андан соӊ коомдук негиздеги Ленин райондук ардагерлер комитетине ишке жөнөйт. Жумасына үч жолу доктор Бубновтун машыгуу залына барып машыгат. Жеке ишкер карыяга акысыз машыгууга шарт түзгөн.

Каарманыбыз каргашалуу согуш башталганда 13 жаштагы бала тылда айдоочу болуп иштеп, кийин мекенди коргоого аттанган. Бала кезинде согуштун айынан билим ала албай согуштан кийин Кузбаста шахтер болуп иштеп, сырттан окуган. 

1953-жылы Черкастагы Политехникалык институтуна сырттан окууга тапшырып, 1967-жылы аяктайт. Ал өзүн жер астындагы «космонавт» деп атайт. Себеби шахтердин иши жердеги кендерди чыгаруу изилдөө эмеспи. Учурунда үй-бүлөсү балдары болгон. Улуу баласы арактын темекинин айынан каза болот.

88- жашына карабай азыркы күндө машыктыруучу залга барып денесин чындайт. "Сергек жашоонун сыры чылым тартпай, туура тамактануу менен дене мүчөлөрүн машыктыруу"- дейт ал.

Денесин эле машыктырбастан коомдук иштерге дагы активдүү катышат. Азыркы күндө Ленин райондук ардагерлер комитетинде иштейт. Ар кандай карыларга тиешелүү болгон маселелерди чечүү менен алектенет. Андан тышкары КР Улуттук "Кызыл Ай" коомунун да иш чараларына активдүү катышат. Карыяга "Кызыл Ай" коомунун ыктыярчылары келип жардам берип кетишет.

"Ал жактагы ар кандай спорт оюндарын калтырбайм. Курдаштарым менен жолугуп сүйлөшүү учурларым да кызыктуу өтөт" -дейт ал .

Жаштарга кеңешим, эч качан чылым чекпегиле, ичимдикти ичпесеңер, дени сак жашай аласыңар дейт элем.

Мындан тышкары Италия, Германия, Польшага барып, эс алуу күндөрүн өткөрүп келген. Россиялык авиакомпания согуштун катышуучусу катары бир жылда бир жолу бекер билет менен РФдин кайсы аймагына кааласа учуу мүмкүндүгүн берген.

Бишкектеги Доктор Бубновтун машыгуу борбору Николай Елисеевичке бекер машыгууга шарт түзүп берген.

Жеңишгүл Тоголокова