Жаңылыктар
А. Атамбаев менен В. Путиндин түз эфирдеги маалымат жыйыны
Саясат
А. Атамбаев менен В. Путиндин түз эфирдеги маалымат жыйыны

Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга расмий иш сапары менен келди. Аны эл аралык "Манас" аэропортунан премьер-министр Сооронбай Жээнбеков тосуп алды. Эскерте кетсек, буга чейин Путин Борбор Азия мамлекеттерине, тагыраак айтканда, Казакстан, Тажикстан жана Кыргызстанга иш сапары менен келери айтылган. Россия лидеринин сапары дипломаттык мамилелердин 25 жылдыгына арналды.

Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында президент Алмазбек Атамбаев менен өлкөгө расмий сапар менен келген Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин жолугуп, журналисттерге маалымат жыйын өткөрүштү.