Жаңылыктар
Алысты жакын кылган достук
Билим
Алысты жакын кылган достук

Россия менен болгон алака бир гана мамлекеттик башкаруу бийлигинде гана чыңдалбастан эки өлкөнүн мектеп окуучулары арасындагы түрдүү сынактар аркылуу дагы бекемделүүдө.

80 жылдык тарыхы бар Нарын шаарындагы № 2 Чкалов атындагы орто мектеби эгемендүүлүктүн биринчи күндөрүнөн тарта эле росиялыктар менен тыкыс кызматташып келет. Бүгүнкү күндө мындагы 50дөн ашык окуучу Россиянын бир катар ири шаарларында өткөрүлгөн эл аралык олимпиадаларга катышып, жещүүчүлөрдөн болуп келишкен. 

Гимназия статусун алган ушул билим уясынын 9-классынын окуучусу Элназар Уланбек уулу мындан үч жыл мурун Москвадагы № 5 Ломоносов атындагы мектепте өткөрүлгөн эл аралык олимпиадада байгелүү орунду ээлеген. Башкы басым орус тилинин грамматикасына жасалган бул билим таймашына дүйнөдөгү 100гө жакын өлкөнүн өкүлдөрү катышкандыктарын көңүлгө түйсөк, жердешибиздин мындай көрсөткүчү чоң ийгилик.
Ал эми 8-класстын окуучусу Эркинай Жолдошбек кызы Россиянын Самара шаарында өткөн олимпиадада айырмаланган. Анын айтымында, чет жакаларга чыгуу жана алардын тарыхтары менен таанышуу ой өрүштү байытууга мыкты өбөлгө. Эң башкысы курбуларыңдын саны көбөйүп, балалыктан баштап эле эл аралык алака менен достукту бекемдөөнүн түбү түптөлөт.
Учурда бир жарым миң бала билим алган Чкалов атындагы мектеп гимназиясынын ири держава Россия менен тыгыз байланышта болуусуна орус тили борборунун уюштурулгандыгы себеп. Бул жерден тенир тоолук окуучулар өздөрүнүн Москва, Самара, Казань шаарларындагы достору менен түз байланышка чыгууларына шарттар түзүлгөн.