Жаңылыктар
Мекендешибиз илимге ири ачылыш жасады
Билим
Мекендешибиз илимге ири ачылыш жасады

Акыркы төрт жылда физика илиминде 2 чоң ачылыш болду. Биринчи ачылыш 2012-жылы Хикстин бозону аттуу эң майда бөлүкчөлөр табылса, экинчи чоң ачылыш - окумуштуулар космостук ааламдагы эки кара туңгуюктун кагылышынан пайда болгон гравитациялык толкундарды байкады. 

Дүйнө окумуштууларынын кызыгуусун арттырган ачылыш, космоско байкоо салуунун жана гравитацияны түшүнүүнүн жаңы ыкмасын пайда кылары айтылууда.


Негизгиси илимдеги бул ири ачылышка катышкан илимпоз-окумуштуулардын арасында биздин мекендешибиз, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда орто билим алган Сергей Клименко да бар. 

Дүйнөнү дүңгүрөткөн илимий ачылышка салым кошкон мекендешибиз Сергей Клименко, 7-класска чейин Базар-Коргондо окуп, жогорку билимин Орусиядан улантып, учурда АКШнын Флорида штатында шакирттерин даярдоодо.