Жаңылыктар
Өнүгүүнүн негизин тынчтык түзөт
Кыргызстан жаңылыктары
Өнүгүүнүн негизин тынчтык түзөт

Нурсултан Шеринбеков Бишкекте тамактануучу жай иштетет. Ашканасы аянттагы желбиреген туунун маңдай тушунда жайгашкан. Аны көчөдөгү кыйкырык-сүрөөн, жыйналган адамдар, митинг кооптондурат. Мындай чочулоо бир гана Нурсултанда эмес, башка ишкерлерде дагы бар.

“Мен абал тынч болсо экен деп ойлойм. Мародерчулук болуп кетсе эмне болот. Жалпы ишкерлерди ойлоп атам кандай абалда деп”,- дейт ишкер Нурсултан Шеринбеков 

Бишкек жазды митинг менен тосуп алды. Буга чейинки чоң митингдерде талап-тоноо, бүлдүрүү, мародёрчулук орун алды. Ошол күндөр ишкерлердин али эсинен кете элек. Бирок ар бири жалпы калктын мүдөөсүн бириктирген толкундоолор болчу. Азыркы митингди салыштырып болбойт, бул жолу адамдар бир саясатчынын айланасында топтошуп алды. Серепчилердин баамында, митинг өлкө экономикасын артка тартат. Мисалы өкмөттү, бизнес коомчулукту пландалган ишинен калтырып, кедергиси тийет.

Айрым аймактарда талаа иштери жанданды, жаздын бир күнү жылга тете. Бишкекте болсо митинг өтүп жатат. Коомчулук жеке адамды колдоп көчөгө чыккан адамдардын жоругун туура көрбөйт жатканы байкалат.

Эң башкысы өлкөгө туруктуулук керек. Экономисттердин пикиринде, Кыргызстан алдыга койгон пландары үчүн аракетин улантса, алдыда дагы көп ийгиликтер жаралат.

Кыргызстан башка өлкөлөргө, ак калпагы, меймандостугу жана жаратылышынын кооздугу менен гана таанылбастан бир жылдары митингтер, көчө жүрүштөрү аркылуу атагы чыккан. Соңку кезде андай терс көрүнүштүн аягы тыйылгандай болгон. Бизнес тынчтыкты сүйөт. Туруктуулук орун алган өлкөдө инвестиция агылып, ишкерлик өнүгүп, экономика жогорулайт.