Жаңылыктар
Кыргызстанда пробация институту киргизилет
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда пробация институту киргизилет

Кыргызстанда шарттуу жазанын бир түрү же пробация институту киргизилет. Бул өз кезегинде өтө оор эмес кылмышка баргандарга эркинен ажыратуу жазасы берилбей, соттолгон жаран мөөнөтүн сырттан эле өтөсө болот дегендик. Дагы бир максат соттолгон жарандарды коомдон обочолонтпой, тескерисинче аралаштыруу. "Пробация жөнүндө" мыйзамга президент Алмазбек Атамбаев кол койду. Документ 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Самат Абдрахманов өткөн жылы абак жайынан мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө эркиндикке чыккан. Ал эки жыл абакта отурду, азыр калган алты айлык мөөнөтүн эркиндикте атайын органдардын көзөмөлүндө өтөп жатат. Бул окуядан сабак алганын айткан 31 жаштагы жараныбыз турмушун өзгөртүп, үй-бүлөсүн багам деген тилектери бар. Өзү менен чогу эркиндикке чыккандар менен бирге чакан тигүү цехин ачып, коомдук фонд негиздеп эл аралык уюмдун адистеринен алган кеп-кеңештери менен өзүнө окшогон абак жайларынан чыккандарга бөлүшсөкпү деген максаты бар.
Самат Абдрахманов сыяктуу ишке жарамдуу күчкө толуп турган жарандарыбыздын абак жайда отургандары абдан көп. Алардын арасында өтө оор эмес кылмыштарга баргандары да бар. Кыргызстанда эми шарттуу жазанын бир түрү же пробация институту киргизилгени турат. “Пробация жөнүндө” мыйзамга президент кол койду. Эки жылдан кийин күчүнө кире турган мыйзамга ылайык кылмышка барып кийин жүрүм-турумун оңдоп, мыйзамга баш ийгендерди оң жолго түшүүсүнө дагы бир мүмкүнчүлүк берилет. Тагыраагы пробация институту соттолгон жарандарды коомго аралаштырып, социалдаштырууну көздөйт.

“Эл аралык талаптардын негизинде жазылган мыйзам коомду кылмыштуулуктун жана түрмөдөгүлөрдүн санын азайтуу. Албетте бул иштерди ишке ашырууга каражат керектелет. Өзүнчө пробация кызматы түзүлөт. Ага жылына 250 миллион сомдой керек. Соттолгондор менен психологдор, социалдык кызматкерлер, педагогдор иш алып барат. 200 штаттык бирдик бөлүнөт",- деп билдирди Жазаларды аткаруу кызматынын башкармалыгынын башчысы Айгүл Каткельдиева.  

Пробация институту бөлөк өлкөлөрдө мыкты жайылтылган. Мыйзамды иштеп чыгууда Молдавия менен Латвиянын тажрыйбасы эске алынды. Адистердин айтымында, жазанын башка бир түрүн колдонуу менен коомдогу кылмыштуулуктун санын азайтса болот. Эми эки жылдын ичинде өзүнчө пробация институту түзүлөт.
Жазанын бул ыкмасын көп жылдан бери АКШ колдонуп келет. Коңшу өлкө Казакстанда да пробация институту киргизилген. Адистер пробация эркинен ажыратууга альтернатива болуп, эл аралык тажрыйбада жакшы натыйжа бергенин айтышууда.