Жаңылыктар
В. Путиндин Кыргызстандагы иш сапары жыйынтыкталды
Саясат
В. Путиндин Кыргызстандагы иш сапары жыйынтыкталды

Россия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон расмий сапары соңуна чыкты. Путин Бишкекке бүгүн, 28-февралда түштөн кийин келген. Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев менен Орусия президенти «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында эки тараптуу жолугуушуларды өткөрүп, биргелешкен маалымат жыйында журналисттердин суроолоруна жооп беришти.

Сүйлөшүүлөр эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык, биргелешкен долбоорлордун ишке ашырылышы боюнча жүрүп, эки тараптуу кызматташтык документтерге кол коюлду. Өлкө башчы маалымат каражаттарына билдирүү учурунда өлкөдөгү акыркы коомдук саясий кырдаалга карата пикирин билдирди.