Жаңылыктар
Путин: Россия Кыргызстандын ички ишине кийлигишпейт
Саясат
Путин: Россия Кыргызстандын ички ишине кийлигишпейт

 28- февралда Кыргыз Республикасына Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин расмий  сапар менен келди. Анда эки тараптуу документтерге кол коюулду. Маалымат жыйынында Владимир Путин Россия мурдагы советтик мейкиндикте стабилдүүлүк болушун кааларын, Кыргызстандын ички ишине киришпей турганын билдирди. Ал эми КР президенти Алмазбек Атамбаев Кыргызстанда мындан ары революцияларга  жол берилбесин белгиледи. 

Владимир Путин Кыргызстанга  Борбор Азияга болгон сапарынын алкагында келген.  Анын сапары 27-февралда Казакстанда  башталып, Тажикстанда уланган. Бул сапар Кыргызстан, Тажикстан жана Казакстан менен дипломатиялык алаканын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына арналганы белгилүү.

Назира Молдокулова, "Биринчи радио"