Жаңылыктар
Балдарды эмдетүүдөн баш тарткандар акыркы жылдары көбөйдү
Ден соолук
Балдарды эмдетүүдөн баш тарткандар акыркы жылдары көбөйдү

Айрыкча өлкөнүн Ош,  Жалал-Абад жана Баткен облустарында күчөгөн. Ош облусунун Араван районунда  былтыркы жылы 300дөй жаран балдарын эмдетүүдөн баш тартышса, быйыл 2 ай  аралыгында эле 700 жаран эмдетүүдөн баш тартышканын дарыгерлер билдиришти. Муну  айрымдар вакцианын курамында мусулманчылык арам кылынган нерселер  аралаштырылган деген менен түшүндүрүлөт. 

Белгилей кетсек, быйыл Жалал-Абад облусунда балдарын эмдетүүдөн баш тарткан ата-энелердин саны 1000ге жеткени кабарланды. Былтыр ал жакта эмдөөгө каршы чыккандардын саны 700дүн тегерегинде болчу. Ушундай эле көрүнүш Баткен облусунда да көп катталууда. Буга чейин коомчулукта талкууланып, эмдөөдөн баш тартууну – караңгылык катары сыпаттап, сын пикир айткандар болгон. Кыргызстандын эмдөө боюнча улуттук жадыбалы бар. Ага ылайык, жаңы төрөлгөн ымыркайдан тарта чоң кишилерге чейин белгилүү бир жашка келгенде эмдөөдөн өтүп турушу керек деп айтылат.

Асанбек Пазыл, "Биринчи радио", Ош шаары