Жаңылыктар
“Коррупцияга каршы коомдук таасир этүү” бирикмеси прокуратуранын ишмердигине нараазы
Коррупция
“Коррупцияга каршы коомдук таасир этүү” бирикмеси прокуратуранын ишмердигине нараазы

“Коррупцияга каршы коомдук таасир этүү” коомдук бирикмеси өлкөдөгү прокуратуранын ишмердигине нараазы экенин маалымат жыйында билдиришти. Алардын айтымында көп учурларда мыйзамдын аткарылышына көзөмөл өз деңгээлинде жүргзүлбөй келет. Жемкорлукка каршы күрөш жүргүзүүдө прокуратура тиешелүү деңгээлде иш алып барбай  жатканын “Жемкорлукка каршы коомдук таасир этүү” коомдук бирикмесинин төрагасы Кубанычбек Шаршембиев маалымат жыйынында ачыктады. Ошону менен бирге коомчулук менен байланыш  купулга толбой келгенине токтолду. Башкы прокуратура коомдук бирикмелер  түзүлгөн келишим шарттарын атарбай жатканын маалымдады. 

Кыргыз  Республикасынын прокуратурасы - аткаруу бийлик системасындагы  мамлекеттик орган. Ал  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, министрликтер,  мамлекеттик комитеттер,  коомдук бирикмелер,  кызмат адамдары,  менчигинин түрүнө карабастан чарба жүргүзүүчү  субъектер жана граждандар тарабынан мыйзам актыларын так жана  бирдиктүү аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.

Кадыр Калилов, "Биринчи радио"