Сагынбай манасчынын 9 китебин кайра басуу, “Дүйнө элдеринин эпостору фестивалын” Кочкордо, Таласта өткөрүү жана залкар манасчынын ысымын түбөлүккө калтыруу максатында Кочкордо эстелигин тургузуу керек дешет окумуштуулар.
Мындай сунуштар Сагынбай Орозбаковдун 150 жылдыгына арналган: ”Манас” ааламынын генийи”-аттуу республикалык илимий-практикалык конференцияда айтылды. Аны Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы тил жана адабият институту уюштурду.
Зинакан Кайыпова, “Биринчи радио”