Жаңылыктар
КТРКнын башкы директору И.Карыпбековдун абалы туруктуу
Кырсык
КТРКнын башкы директору И.Карыпбековдун абалы туруктуу

Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын директору Илим Карыпбековго жасалган операция ийгиликтүү аяктады. Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков Илим Карыпбековдун жашап кетүү мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирди. 

Операция 2 саатка созулган. Учурда бардык керектүү дары-дармектер менен кан жетиштүү,- деди Кубатбеков.

 1-мартта түнкү саат 3:00дөр чамасында Коомдук телерадиоберүү корпорациянын директору Илим Карыпбеков унаа кырсыгына кабылган. Бишкектин түштүк магистраль жолундагы "Сенатор" кафесинин тушунда, "Рейндж Ровер" унаасын башкарып бара жатып, жол тосмосун ашып өтүп, түркүктү сүзүп алган. Илим Карыпбеков кийинчерээк №4-шаардык ооруканага жеткирилген.