Жаңылыктар
Өкмөт башчы С. Жээнбеков иш сапар менен Пакистанга барды
Экономика
Өкмөт башчы С. Жээнбеков иш сапар менен Пакистанга барды

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Экономикалык кызматташтык биримдигинин 13-саммитине катышуу үчүн Пакистанга учуп барды. 

Исламабад аэропортунан Пакистандын федералдык министри Риаз Хуссаин Пирзада жана Кыргызстандын элчиси Эрик Бейшембиевдер тосуп алды. Экономикалык кызматташтыкка кирген өлкөлөрдүн байрактары илинип, Кыргызстан менен Пакистандын гимндери жаңырды.

13 - экономикалык кызматташтык саммитинде катышуучулар пикир алмашып, мындан аркы кызматташтык тууралуу талкуулашмакчы. Ошондой эле, Исламабад декларациясы кабыл алынат. Экономикалык кызматташтык биримдиги 1985-жылы түзүлгөн. Кыргызстан уюмга 1992-жылдан бери мүчө.