Жаңылыктар
ЖК: Текебаевдин камакка алынышы боюнча маалымат берилди
Саясат
ЖК: Текебаевдин камакка алынышы боюнча маалымат берилди

Жогорку Кеңештин жыйынында Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаев менен Башкы прокурор Индира Жолдубаева "Ата Мекен" фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаевдин камакка алынышы боюнча маалымат берилди.

Жыйында Сегизбаев Өмүрбек Текебаевге козголгон кылмыш иши боюнча адилеттүү тергөө жүргүзүүгө бардык мүмкүнчүлүктөр бар, - деди. Ошондой эле, учурда тергөө жүрүп жатканын, Текебаевдин чет элдик ишкерден 1 миллион доллар алганына күбө болчулар 2 адам менен чектелбестигин кошумчалады. 

"Текебаевди кармоодо ага карата күч колдонулган эмес. Аны атайын даярдыктагы кызматкерлер эмес, тергөөчүлөр алып келишти. УКМКга алынып келинер замат аялы менен да, адвокаты менен да жолугууга уруксаат берилди. Текебаевдин камактагы абалы видеокаттоого алынып, дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда", - деди УКМКнын төрагасы.

Ошондой эле, парламент жыйынында Башкы прокурор Индира Жолдубаева Текебаевдин кылмышка аралашканы тууралуу далилдер бар экенин билдирди. Аны айтымында, буга чейин Равшан Рыкуновадан арыз түшкөн. Ал боюнча козголгон кылмыш ишиндеги материалдарга Маевскийдин арызы да кошулду. 

Мындан тышкары башка күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү бар. УКМК төрагасы алардын ким экенин айтып берди. Алар Рыкунова, Маевский, Абдрахманов, Модин. Булар кылмыш ишин козгоо үчүн жетиштүү. Мындан тышкары кыйыр далилдер бар. Биз аны манифесттер, Маевскийдин бул жакка учуп келгенин же бул кылмышка аралашкан адамдардын Москвага учуп барганын далилдеп беребиз. Ошого бул маалыматтар бизге жетиштүү деп эсептедик, -деди Жолдубаева.