Жаңылыктар
Жаратылыш газына болгон карызды жылдап төкпөгөндөр бар
Кыргызстан жаңылыктары
Жаратылыш газына болгон карызды жылдап төкпөгөндөр бар

Күн жылый баштагандан бери Бишкектин газ башкармалыгы эл аралап, көгүлтүр от үчүн акча төлөбөгөн абоненттерге газ берүүнү токтотуп, трубаларын кесүүдө. Акча өндүрө албай тажаганда газ башкармалыгы кычыраган суукка карабай газ түтүгүн кесип, сес көрсөткөнгө аргасыз болот. 

Антпесе акчага катуу абоненттер үшүп, кыйынчылыкты баштан өткөрмөйүнчө төлөйүн деп ойлонуп да коюшпайт. Текшерүүчүнү жакалап, тилдеп, колго тийген нерсеси менен шилтеп калган учурлар дагы аз эмес.


Алардын арасында 100 миң сомдоп карызын төлөбөгөн жарандар дагы бар. Алардын ысымдары кимдер? Рейд учурунда кездешкен фактыга таянсак Игорь Чудинов деген тааныш ысым 11 миң сом төлөй элек экен. Азиз Мырзаев деген хансарайда жашаган абоненттин бересеси 342 миң сомдон ашып кетиптир. 

Бирок операторлор бул фактылар жакында гана ачыкка чыккандыктан 20-февралга чейин төлөсө айып пул салынбайт, эгер акча түшпөсө пресса аркылуу ачык жарыя кылабыз деп эскертишти.

Ал эми убагынан кечиктирбей төлөө жагынан пенсионерлер алдына киши чыгарчудай эмес Ушул эле Пригородный айылындагы газ түтүгү кесилген үйдүн кошунасы Неля Захаровна электр энергиясы үчүн квитанция келгендин эртеси барып төлөп, газдын акчасын дагы алдын ала берип коет экен.