Жаңылыктар
Түндүк-түштүк жолун курууга Сауд өнүктүрүү фонду жеңилдетилген насыя бөлөт
Экономика
Түндүк-түштүк жолун курууга Сауд өнүктүрүү фонду жеңилдетилген насыя бөлөт

Түндүк-түштүк альтернативалык жолун курууга Сауд өнүктүрүү фонду 20 миллион доллар жеңилдетилген насыя берет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин отурумунда айтылды. Анда курулуп жаткан “Балыкчы - Жалал-Абад” альтернативдик автожолундагы бир катар маселерлер көтөрүлүп, быйыл жасала турчу иштер талкууга алынды. Бир катар эл өкүлдөрү Транспорт жана жолдор министрлигин ишти кечеңдетип, куру убадаларды берип келет деп сынга алды. 

Эске салсак, 2014-жылы курулушу башталган Балыкчы-Жалал-Абад жаңы унаа жолу 3 фазага бөлүнгөн. Биринчиси Жалал-Абаддан-Казарманга чейинки 142 чакырымды камтыса, экинчи тилке- Кызыл-Жылдыздан - Аралга чейинки 12 чакырым жолдон турат. Үчүнчү фазага: Кызыл-Жылдыздан –Балыкчыга чейинки 184 чакырым жол тилкеси кирет. Учурда курулуштун 2 фазасы ишке ашырылууда.

Сүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"