Жаңылыктар
КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков өзүнө келди
Кырсык
КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков өзүнө келди

Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын директору Илим Карыпбеков өзүнө келди. Буга чейин ага 2 саатка созулган операция жасалган. Учурда бардык керектүү дары-дармектер менен кан жетиштүү, - деп билдирет Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков. 

Эске салсак, 1-мартта түнкү саат 3:00дөр чамасында Коомдук телерадиоберүү корпорациянын директору Илим Карыпбеков унаа кырсыгына кабылган. Бишкектин түштүк магистраль жолундагы "Сенатор" кафесинин тушунда, "Рейндж Ровер" унаасын башкарып бара жатып, жол тосмосун ашып өтүп, түркүктү сүзүп алган.