Жаңылыктар
КТРК: Текебаевдин тарапташтары эфирдик убакыт сурашты
Саясат
КТРК: Текебаевдин тарапташтары эфирдик убакыт сурашты

 КТРКнын жетекчиси Илим Карыпбеков оор абалда ооруканада жатканына карабай "Ата Мекен" партиясынын тарапташтары телерадиокорпорациясынын алдына нааразычылык митингине чыгышып, аларга эфирден убакыт бөлүнүшүн талап кылышты. 

"Ата Мекен" партиясынын тарапташтары менен КТРКнын башкы директорунун телеберүүлөр боюнча орун басары Калыйбек Асылбашев жолугууга чыгып абалды түшүндүрдү.

Нааразычылык митингинин айрым катышуучулары КТРКнын жетекчисинин дарегине адепсиз сөздөрдү айтышып, мазактаганга чейин барышты. Митинг 30 мүнөткө жакын созулду.