Жаңылыктар
Журналист Ислам Дуванаев каза болду
Кыргызстан жаңылыктары
Журналист Ислам Дуванаев каза болду

 33 жашында, күтүлбөстөн жүрөгү токтоп журналист Ислам Дуванаев каза болду. Акыркы мезгилде Дуванаев НТС каналында иштеп жаткан, буга чейин ал 24 kg агенттигинде, 5 каналда кабарчы болуп таанылган. Журналисттик эмгек жолун Ислам Дуванаев КТРКнын Ала-Тоо маалымат программасы баштаган. 

Коомдук биринчи каналдын жамааты жалгыз уулунан ажыраган Исламдын апасына терең кайгыруу менен көңүл айтат.