Жаңылыктар
Коркунучтуу ирмемдер артта калды: Илим Карыпбеков өзүнө келди
Кырсык
Коркунучтуу ирмемдер артта калды: Илим Карыпбеков өзүнө келди

КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков операциядан кийин көзүн ачып, өзүнө келди. Дарыгерлердин айтымында, анын ден соолугунда жакшы жылыштар бар. 

Бүгүн таңкы саат 3төрдө ал жол кырсыгына кабылып, унаасы жол четиндеги тосмодон өтүп барып, темир мамыга урунган. Илим Карыпбеков кырсыктан улам көп кан жоготкондуктан, дарыгерлер алгач анын абалы тууралуу так кесе жооп айтуудан дагы тайсалдап турушкан. 

Бишкек шаарынын Аалы Токомбаев көчөсү. Түнкү саат 3. Ак түстөгү “рейндж Ровер” унаасы анча чоң эмес ылдамдыкта келатып кокусунан жол четиндеги тосмодон өтүп барып темир мамыга урунган.
Бир нече секунддан кийин эле унаанын жанына адамдар келе баштады. Алар алгачкы тез жардамды көрсөтүүгө аракет кылышты.

Илим Карыпбеков салондун ичинде кысылып калган. Унаада ал жалгыз болгон. Карагайга урунганда машинанын сол жак капталындагы терезеси сынып, күрөө тамырын кесип кеткен. Ушул себептен улам андан көп кан кеткен. Тез жардам келгиче күбөлөр күрөө тамырларын кысып, канды токтотуп калууга аракет кылышкан.

Башкы директор ооруканага өтө оор абалда түшкөн. Жолдо дарыгерлер анын жүрөгү токтоп, кыска убакытка клиникалык өлүм болгонун айтышат. Карыпбековго дароо реанимациялык процедураларды жасашкан. Ооруканага келери менен эле операцияга алып киришкен. Күрөө тамырларынан сырткары ички органдары да жабыркаптыр.

Кечке жуук Илим Карыпбеков көзүн ачып өзүнө келди. Эмне болгонун азырынча билбейт, дарыгерлердин айтымында, биринчи эле болуп “башка эч ким жабыркаган жокпу” деп сураган. Башында дарыгерлер анын жашап кетүү мүмкүнчүлүгү тууралуу так жооп айткандан тайсалдап турушту. Бирок Илим Карыпбеков бул кыйынчылыктан чыкты.



Каргашалуу кырсык Сенатор ресторанынын тышкы видеокөзөмөл жабдыктарына тартылып калган. Анда унаа орточо ылдамдык менен келе жатканы көрүнүп турат. Бирок бир кокустук болгон. Версиялардын бири - айдоочу унааны башкарып келатып уктап кеткен, анткени жол кырсыгы түнкү саат үчтө болуп жатат. Карыпбеков мас абалда болгон эмес, дарыгерлер анын канынан спирттин курамын табышкан жок. Белгилүү болгондой ал өзү да спорт менен көп машыгат, спирт ичимдиктеринен атүгүл майрамдарда да баш тартчу.

Милиция иликтөө иштерин баштады. Учурда күбөлөр суралууда. Тиешелүү видеотасмалар алынып жатат.
Карыпбековдун унаасы патрулдук милициянын унаа токтотуучу жайына жеткирилди. Тетиктеринин көпчүлүгү эле бүтүн көрүнөт. Анткен менен акыркы сөздү адистер айтышат. Негизгиси бардык версиялардын үстүнөн тыкыр иликтөө жүргүзүп чыгуу керек.

Илим Карыпбековдун достору, санаалаштары ал гана эмес жанын жай алдырбаган катуу сынчылары да ага азыр чын ден соолук каалап, сакайып кетишин тилеп жатышат. Эң башкысы коркунучтуу ирмемдер артта калды. Ал өзүнө келди. Жакын арада кайра жумуш ордуна кайтып келет деп ишенели.