Жаңылыктар
ЕАЭБге киргенден кийинки жеңил өнөр жайдагы абал
Экономика
ЕАЭБге киргенден кийинки жеңил өнөр жайдагы абал

ЕАЭБге кируу алдында коомчулукта жеңил өнөр жайдын абалы кандай болоор экен деген күмөн ойлор жаралган. Биздин чыгармачыл топ жеңил өнөр жайынын азыркы абалынан кабар алышты. 

32 жаштагы Гүланда Асаналиева тигүү фабрикасында 10 жылдан бери иштейт. Буюртмалар көп болгон күндөрү тыным албай, түнкүсүн да калып иштеген учурлары болот. Мындайда айлык маяна да көбөйөт.

Замира Мырзаканова тигүү фабрикасын жетектейт. Кыргызстан ЕАЭБке мүчө болуп киргенден тарта, Орусиянын ири дүкөн түйүндөрүнөн буюртмалар келе баштады дейт Замира айым. Биз тиккен кийим-кече Кытай менен Малайзиянын өндүргөн товарларына атаандаштык жаратып жатканын да белгилейт.

Кыргызстан өндүргөн кийим-кечеге суроо-талаптын көптүгүнүн сыры анын сапатында дешет өндүрүүчүлөр. Ал эми фабрика жана цехтер эл аралык стандартка ылайыктап, тигүүнүн сапатын жакшыртканга болгон аракетин жумшап жатат.

2016-жылы жеңил өнөр жай продукциясынын экспорту 95 миллион доллардан ашык болгон. Экспорт демекчи, жеңил өнөр жайы, баалуу металл жана айыл чарбадан кийинки үчүнчү орунда турат. Ал эми түрдүү эл аралык көргөзмө-жарманкелерде Кыргызстанда өндүрүлгөн товардын жакшы бааланышы да мактанаарлык дешет адистер.

Ушул март айында Новосибирскиде өтө турган көргөзмө-жарманкеде 200дөн ашык кыргыз чеберлери өз продукциясын көрсөтүү үчүн катышканы жатат.