Жаңылыктар
Нарын облусунда катаал кыштын түйшүгү дале уланууда
Кыргызстан жаңылыктары
Нарын облусунда катаал кыштын түйшүгү дале уланууда

Эгер өлкөнүн түштүгүндөгүлөр жаздын биринчи күнүн гүл жана бак-дарактарды олтургузуу менен тосушса, ал эми климаттык шарты катаал теңир тоо жергесиндегилер жаздын биринчи күнүндө  калың түшкөн карды тазалоо менен алек.

Нарын облусунда быйылкыдай кардын калың түшүшү акыркы жолу 1968-жылы байкалган. Ошондо жалпы эл жабыла чыгып, кол күчү менен алдыда күтүлгөн кыян, сел сыяктуу жаратылыш кырсыктарынан арылышкан. Ал эми бул жолу кубаттуу техникалардын 20сы пайдаланылып, алар калаанын үч чөлкөмүндө иштешүүдө.

Анткен менен, эки жагы тоодой үйүлгөн карга толгон тар көчөлөрдө алардын иштеши бир катар ыңгайсыздыктар менен коштолуп жатат. Ушуга карабай, облус борбору Нарын шаарындагы калың карды тазалоо эки күндө аяктамакчы.

Нарындагыдай эле оор ахыбал облустун Кочкордон башка райондорунун айылдарында да түзүлгөн. Андыктан алар да шаардыктарчасынан кырсыкты алдын-алуу чараларын азыртан көрүшсө, ашыктык кылмак эмес.