Өмүрбек Текебаевдин Маевскийден акча алгандыгы тууралуу керектүү далилдер бар. Парламент, 1-марттагы жыйында Текебаевдин камакка алынышы жөнүндө маалымат угулду. Анда 1 миллион доллар эки транш менен алынгандыгы тууралуу айтылды.
Ал арада «Ата- Мекен» фракциясы, Текебаевдин кармалышын саясий куугундук катары баалоодо. Айрым депутаттар пара бергендиги үчүн Леонид Маевскийдин да жоопкерчилигин кароону демилгелешти. Башкы прокурор бул жагдайга да жооп айтты.
Мээрим Абдраманова, "Биринчи радио"