Жаңылыктар
ЖК Текебаевке байланыштуу депутаттык комиссия түзүү демилгесин колдогон жок
Саясат
ЖК Текебаевке байланыштуу депутаттык комиссия түзүү демилгесин колдогон жок

Эл өкүлдөрү “Ата-Мекен” фракциясынын Текебаевдин камалышына байланыштуу депутаттык комиссия түзүү демилгесин колдогон жок. УКМК төрагасы менен Башкы прокурор депутаттарга маалымат берди. Эл өкүлдөрү айрым суроолоруна жооп алышса, айрымдары тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн деген жүйөө менен жоопсуз калды. Депутаттардын көбүн Текебаевге акча берди делген орус ишкерине кылмыш иши козголбогону кызыктырат.

2010-жылы Убактылуу өкмөт мүчөлөрү парламенттик шайлоого катышуу үчүн отставкага кетип, техникалык өкмөт иш алып бара баштаган. “Ата-Мекенчилер” дал ушул жагдайды эске салып, орус ишкери акча берди деп айтылган убакта Текебаев кызматта болбогонун, мындан улам ага козголгон кылмыш ишинде “коррупция” беренеси туура эмес колдонулганын эске салышууда. 

УКМК төрагасы менен Башкы прокурор айрым маалыматтарды тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн деген жүйөө менен ачыктаган жок. Маселен, Текебаевге алгач маркум Маматкеримов аттуу жаран 300 миң долларды алып барганы айтылса, ал эми калган 700 миң доллар үчүн ким ортомчу болгону жашыруун бойдон калды. Башкы көзөмөл органдын жетекчиси орус ишкери белгилеген күндөрдө ким кайда болгонун, Маевский жана Текебаевдин Москва менен Бишкекке каттаган учурларын далилдеп беребиз деп ишендирүүдө. Анткен менен ата-мекенчилер лидеринин актыгын кайталап жатышат. Фракция башчысынын милдетин аткарып жаткан депутат Алмамбет Шыкмаматов Текебаев качып кетпестигин белгилеп, аны үй камагына чыгаруу керектигин белгиледи. Ал абалга эл аралык уюмдар көз салып жатканын да кошумчалайт. Социал-демократтардын лидери Иса Өмүркулов болсо ички маселеге эл аралык уюмдарды аралаштыруунун зарылчылыгы жок деген пикирде.

Жыйындын жүрүшүндө ата-мекенчилердин депутаттык комиссия түзүү демилгеси колдоо тапкан жок. Өмүрбек Текебаев 26-февралдын таңында “Манас” аэропортунда кармалган. Аны эки айга камоо чечимин Биринчи май райондук соту чыгарган.

Калыгул Асамбаев, "Биринчи радио"