Жаңылыктар
Текебаевдин айткандарын Түркия элчиси төгүндөдү
Саясат
Текебаевдин айткандарын Түркия элчиси төгүндөдү

Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Метин Кылыч жолугушту. Анда Эрлан Абдылдаев 16-январда Дача конушуна кулаган "Боинг-747" учагындагы жүк президент Алмазбек Атамбаев менен анын үй-бүлөсүнө таандык болгон деген кабардын канчалык деңгээлде чындыгы бар?. Айрым маалымат каражаттары Түркиянын атайын кызматтары депутат Өмүрбек Текебаевге ушул айтылгандарды тастыктаган документтерди берген экен деп жазып чыгышты. Муну сиз бышыктайсызбы же жокко чыгарасызбы? деген суроо узатты. 

Метин Кылыч болсо буга жооп иретинде “Бул айтылгандар - ыксыз айтылган жалган маалымат. Түркиянын атайын кызматтары эч качан минтип иштебейт. Анын үстүнө өздөрүнүн логотиби менен бекитилген маалыматтарды эч кимге бербейт” - деп айтты. Метин Кылычтын божомолунда “Кимдир бирөөлөр балким ушул жасалма документтер аркылуу Түркияны ушул ишке аралашып кетсин деп ойлоп жатышкандыр. Бирок, Түркия Республикасы эч качан башка өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстандын ички саясатына кийлигишпейт” - деп баса белгиледи.